2017-жылдын 30-декабрь күнү Кара-Суу райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренеси (опузалап пара талап кылуу) менен айыпталып жаткан милиция кызматкери Рашит Аманкуловдун ишин карап, анын аракетинде кылмыштын курамы аныкталбагандыгына байланыштуу актоо өкүмүн чыгарган.
Соттук отурумда иш боюнча негизги күбө Т.Т. тергөө учурунда берген бардык көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, айыпталуучу Аманкуловго акча карыз экендигин жана 2017-жылдын 15-май күнү Кара-Суу РИИБине барганда айыпталуучу ага "карызыңды бербейсиңби" деп элдин көзүнчө уят кылып сөккөнүнөн улам андан өч алуу максатында УКМКнын тергөөчүсүнө барып жалган билдирүү бергендигин, эми кылган ишине өкүнүп, чындыкты айтып жаткандыгын айтып көрсөтмө берген.
"Иш боюнча башка күбөлөр К.А., К.С. жана башкалар да айыпталуучунун кармоо учурун гана көрүшкөндүгүн, анын чөнтөгүнөн алып чыккан акчалардан "пара" деген жазууну көрүшпөгөндүктөрүн айтып, көрсөтмө беришкен. Мындан сырткары айыпталуучуну кармоо учурунда жүргүзүлгөн видео тасманы караган кезде шектүүнү кармоого даярданып жаткан атайын топтун мүчөлөрүн гана көрүүгө болгон, айыпталуучу Рашит Аманкуловдун акчаны талап кылган же алган учурлары чагылдырылган эмес", - деп айтылат соттун маалыматында.
Бүгүнкү күндө өкүм Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан апелляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанылган.
Айта кетсек, Рашит Аманкулов Кикбокс боюнча КРнын 3 жолку (2009, 2010, 2011) чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси (2011), Вале тудо боюнча Азиянын чемпиону (2011), Дүйнөлүк уруш искусство оюндарында коло медалдын ээси (2013).
Рашит Аманкулов 2017-жылдын 19-май күнү 33 миң сом жана 100 АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалган. Ошол учурда ал Кара-Суу РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп турган.