Орусияда 5 жаштагы кыз спирт ичимдигин ичип алып, комага түшүп калды

Орусияда 5 жаштагы кыз спирт ичимдигин ичип алып, комага түшүп калды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Орусиянын Могочинский районунун борбордук ооруканасына 5 жаштагы кыз эсин жоготкон абалда келип түшкөн.

"Текшерүүлөрдөн кийин кыздын алкоголдук ичимдиктен ууланганы маалым болгон. Азыркы тапта кыз эсине келип дарылануусун улантып жатат", - деп жазылган маалыматта.

Кыздын ден соолугуна оор зыян келтирген деп 27 жаштагы апасы айыпталууда. Тергөө учурунда аныкталгандай мас абалындагы апасы спирт ичимдиги бар стаканды столдун үстүнө калтырып койгон, аны 5 жашар кызы ичип алган.

Азыркы тапта тергөө иштери уланып, кылмыш иши райондук прокуратуранын көзөмөлүнө берилген.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aerforce
2018-01-22 10:42:31
тообо кылдым кече эле даагы бир 5 жашар кыз кочодо мас журот деди эле орустар эсин жоготкончо ичет анан балдар турган аракты ичип алдыда
+3
Nanei
2018-01-22 14:12:07
aerforce,кыргыздар орустан кем калбайт арак ичкен жагынан. Сынтакпагыла
+6
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-22 11:13:02
Вае тазззале боп кетиштиго 5 жашарлар ичип
-2
Kojo1995
2018-01-22 11:15:24
5 жаштагы кыз иче албайтда ачуу немени
+3
raykray
2018-01-22 19:36:46
Kojo1995,менда ошентип ойлойм бир ууртап токтотмок,балким апасы мажбурлап ичиргендир
+2
wirintai27
2018-01-22 14:34:02
Арактын айынан канчалаган балдар жетим калып,канчалаган уй-булоо бузулуп жатат.Аракты сатууга тыю салыш керек
+5
datkayimjan
2018-01-22 21:57:36
Кичинекей балдардын кээ бироолору ачууну анча айырмалай алышпайт го дейм. Менин балдарым кичинесинде ачуу дары берсен ачырканбай эле чайнап жеп алышчу
0
aliya-leyla
2018-01-22 22:33:26
Суу деп бир култ этип жутуп ийген го байкуш кыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан