Бишкекте алдамчылыкка шектелип, чет элдик жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип, чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 17-январь күнү милиция кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы чет элдик жарандын 3 айдан бери өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөнү аныкталган.

Анын айтымында, 2017-жылдын октябрь айында Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирине окууга тапшыруу үчүн келген. Аны Хизар аттуу Пакистандын жараны тосуп алып, визасын узартып берүү жана университетке киргизүү убадасы менен 2 миң долларын алып, ошол бойдон дайынсыз жоголуп кеткен.

Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин негизинде Пакистандын жараны 25 жаштагы Х.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле ага "мыйзамсыз миграция уюштуруу" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан