Бишкекте сүйгөнүнө үлпөт көйнөгүн сатып бергенге акча таппай атайын ичин кесип, каракчылык боюнча милицияга арыз жазган жигит соттолду

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту сүйгөн кызына үлпөт көйнөгүн сатып бере албай өзүнө-өзү кол салып, кийин "мени тоноп кетти" деп милицияга арызданган 23 жаштагы жигитти 1 жылга эркинен ажыратты.

Соттун өкүмүнө ылайык, аталган окуя 2017-жылы 12-октябрда орун алган. Анда Бишкек шаарынын 23 жаштагы С.М. аттуу тургуну С.А. аттуу кызга үйлөнөм деп ага үлпөт көйнөгүн сатып бермек болот. Бирок ал үлпөт көйнөктү сатып бергенге акчасы жок болгондуктан сүйлөшкөн кызынын батирине барып, кайра чыккандан кийин лезвия менен өзүнүн ичин өзү тилип салган. Кийин сүйлөшкөн кызына телефон чалып, ага белгисиз адамдар кол салып тууганынан карызга алган 10 миң 300 долларын тоноп кетишкенин айткан.

Ал жерге дарыгерлер чакырылып, ага медициналык жардам көрсөтүлүп, С.М. милицияга да арыз менен кайрылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада анын берген көрсөтмөлөрү жалган экени аныкталып, өзү да моюнуна алган.

Кийин 2017-жылдын 20-ноябрында анын ишин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карап, 329-берене (атайлап жалган билдирүү жасоо) менен күнөөлүү деп тапкан. Соттун чечимине ылайык, С.М. сот залынан камакка алынып, 1 жылга жатак абагына кесилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
evra_kg
2018-01-22 12:41:08
Артис окшойтко
+9
zhykyo
2018-01-22 12:44:31
XXXX ачылыптырда
+5
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-22 12:49:42
Жашоодо турлруу адамдар бар экен да
+4
grace
2018-01-22 13:22:14
Тоолордогу ысырапкерчиликтерди азайтуу керек!
+5
Dembele84
2018-01-22 17:18:59
grace,Тоодо кандай ысырапкерчилик болуп жатат экен?
+2
Rasul94
2018-01-23 01:42:13
Dembele84,тойлордо
0
Bolotbek1991
2018-01-22 13:28:49
Чыкса уйлонот эми
-3
ilimbek00
2018-01-22 13:28:59
Суйсо не кылсын...акчанын юоктугунан кылды да суйгонун кубантам деп...
-8
Daak9091
2018-01-22 14:13:26
Кызы ожок бир телпеке да бир 40 50миндик койнокту кийем болбосо тийбейм деди да
+9
kadyrym1
2018-01-22 14:47:41
Ааай тобаа
+3
Jumahmatov
2018-01-22 16:08:37
Намыс деп тушундум
+2
nargiz94
2018-01-22 16:10:25
Намыстанып ошого барса, эми кайсы бети мн карамак эле. Калптын казаны кайнабайт болуптур да.
+3
Dembele84
2018-01-22 17:23:59
Былтыр,Дача Сууда да бироосу калп айтам деп шерменде болгон эле:Тууганымдан ажырадым акчалай жардам бергиле деп ыйлап,в самом деле анын ал каргашалуу окуяга тиешеси жок болуп чыккан.Бул жигит да артисттик калыптыр.Озуно кол салбай башка жолун тапканга аракет кылса болмок!
+2
Aigerim4545
2018-01-22 18:41:05
не зарыл э ушинтип боорум ооруду
+2
Akylbek1984
2018-01-22 22:22:49
Чын суйуу болгондо 40 же 50 миндик койнок кийем деп айтпайт болчу... Себеби чын суйуу эч нерсени талап кылбайт. Анын эмнесине кызыкты билбейм го, бирок кыздын сулуулугу анын ыйманында болушу керек деп ойлойм.
-1
kolyn
2018-01-22 22:34:18
Апенди
0
Azatbek83
2018-01-22 23:05:18
Ынсап берсин баарыбызга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан