Колумбияда автобус жардан кулап, 13 адам каза болду

Колумбияда автобус жардан кулап, 13 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык Колумбиянын батыш жагындагы 66 метр бийиктикте жайгашкан "Азезилдин тумшугу" аттуу жолдо болгон. Анда Пасто шаарынан Тумако шаарына бара жаткан жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус жардан кулап, анын кесепетинен 13 адам каза болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, автобустун кырсыкка учурашына ошол маалда түшкөн жер көчкү себеп болгон. Аймактын губернатору Нариньо Камило Ромеро билдиргендей, кырсыктан 7 эркек адам, 5 аял жана 7 айлык ымыркай каза болгон.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aman0301
2018-01-22 16:09:39
Кудай сактасын
+1
Alinur
2018-01-22 16:22:29
Автобустар коп кырсыка учурап жататко акыркы убакыттада. Кудай сактасын кырсыктардан
+2
akzuura
2018-01-22 16:25:32
Автобуска отуигандан да коркуп калдым кудай сактасын
+1
farida.kg.1991
2018-01-23 02:26:09
Кудай сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан