Крим чөйрөдө "дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун "оң колу" катары айтылып жүргөн Самарбек Жолдошев жатак абагына чыгарылды

Крим чөйрөдө "дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун "оң колу" катары айтылып жүргөн Самарбек Жолдошев жатак абакка чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 22-январда Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы Марат Канулькулов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Самарбек Жолдошевди күчөтүлгөн тартиптеги абактан жатак абакка которуу чечимин Ысык-Ата райондук соту тарабынан 19-январда кабыл алынып, ага №3-түрмөнүн башчысынын сунушу себеп болгон.

Самарбек Жолдошев 2016-жылы Биринчи Май райондук соту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал "адам уурдоо", "уурулук", "опузалап акча талап кылуу" жана "автоунааларга мыйзамсыз ээлик кылуу" беренелери менен күнөөлүү деп табылган.

Ал эми уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Чыңгыз Жумагулов 2016-жылдын апрель айында Бишкек шаарынын Чүй жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги ок атышууга шектелип кармалган. Ал эми 2017-жылдын декабрь айында Жогорку Сот Жумагуловду 7 жылга эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-22 18:43:17
Сооронбайынар деле кыйратпады
+21
gute
2018-01-22 18:48:23
Кыргызстанды Сооронбай башкарбай эле Криминалдар башкарып калган окшойт
+19
gute
2018-01-22 18:49:30
Мамлекет алсыз болсо ушинтип Криминал башкарып калат.
+16
aerforce
2018-01-22 18:53:39
ушуларды пиаритетип жаш балдар мен келечекте врач болом же даагы бир кесиптин ээси болом дегендин оордуна мен черный болом деп калмай болду ошолорду кумир тутуп
+1
taku1414
2018-01-22 18:55:55
Болору болду эми. Криминал, киши олтургуч, каракчылардын баарын чыгарып салгыла. Бийлик башкарбай эле мамлекетти криминалдар башкарсын.
+8
Azatbek83
2018-01-22 19:09:04
XXXX соттор акыйкатты билбеген!Бийлик озунорго куч топтоп жатасынынарбы?!Мындай журушунордо силер элди суйлотпой камап хан болосунар эшектер!
+9
Baatirbek81
2018-01-22 19:10:53
Эгер криминалдар башкарса өлкөдө тартип бузулар азаят
-17
Azatbek83
2018-01-22 19:23:08
Baatirbek81,Кой кайдагыны айтпа таш тополону чыгып болунуп мамлекет жоголот оз кочондо журушта кыйын болуп же бизнес ачалбайсын!Булардын орду турмодо алардын артынан эчким эрчибесин.Талаада кыйналып иштеп журосун алар жыргап уруп тоноп зордуктап олтуруп орттоп кыйратып журушот!
+15
Erbol_
2018-01-22 19:29:53
Эң эле жаманы илгери союз убагында турмого тушуп чыккандар иш таба албай кыйналышса, азыр турмого тушуп чыккандар авторитет болуп чыгып каалагандай журушот, ошон учун азыр жаштарыбыз турмого тушкондон коркпой калышты.....
+8
miraiymka
2018-01-22 19:42:36
Бул деген Сооронбай ашанардын бир тууган иниси крим чойронун чондорунан дегендин тушунугу туугандар.не думайте что Бабанов просто ушел от САЯСАТ!!!В этом и есть дело.
+8
Jelezo
2018-01-22 21:14:56
Биздин сотторду тандабай туруп камап үй мүлкүн мамлекетке алса болот
+2
Arlenchik
2018-01-22 22:02:03
Соке келери менен черныйларды боштондукка чыгара баштадыго, абдан уят жана окунучтуу, бул бийликтин алсыздыгынын белгиси, алардын орду турмодо чыгарбай ошондон нары жоготуп бандитчиликке богот коюш керек болчу, булардын колунан келчудон деле эмес.
+3
muku79
2018-01-23 00:08:27
Уят эле эми турмонун баарын Эле чыгарыпсалгыла!!!Аны соттор чыгарган жок, Аны Соке чыгарып жатат да, устудон команда берип
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан