Испанияда 15 жылдан бери издөөдө жүргөн италиялык кылмыштуу топтун башчысы кармалды

Испаниялык полиция кызматкерлери Италиянын укук коргоо органдары менен биргеликте римдик кылмыштуу топтун башчысын кармашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, полиция кызматкерлери 15 жылдан бери издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун 76 жаштагы башчысы Фаусто Пеллегринеттини кечээ, 21-январда колго түшүрүшкөн.

Өзүнүн мекенинде 4 каймана аты бар Пеллегринетти баңгизаттарды саткандыгы үчүн 13 жылга сырттан кесилген. Кылмышкер испан полициясынын жана Италиянын баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын биргелешип өткөргөн 2 жылдык иликтөөнүн жана атайын операциянын натыйжасында камакка алынган.

Пеллегринетти "Мальянанын жаңы тобу" деген аталышка ээ болгон мафиялык топтун башчысы болгон. Бул банданын көптөгөн таасирлүү мүчөлөрү 1990-жылдардын башында камакка алынып же өлтүрүлгөн.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан