Бишкекте кафелердин биринде идиштерди сындырып, коомдук тартипти бузган Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтын өкүлү кармалды

Бишкекте милицияга каршылык көрсөткөн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтын өкүлү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-январь күнү саат 00:20 чамасында 102ге Бишкектеги кафелердин биринде мас абалындагы адам идиштерди сындырып, коомдук тартипти бузуп жатканы боюнча маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, 1984-жылы туулган Т.Кны кармашкан. Андан соң ал милиция бөлүмүнө алынып келген. Ал жакта милиция кызматкерлерин сөгүп, коркутуп, каршылык көрсөткөн. Учурда аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.

Тергөөнүн жүрүшүндө, кылмышка шектүү Т.К. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери экени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Azatbek83
2018-01-22 19:05:28
Ана сага бийлик булда кем!Кобуроок ушуларды мактап чыксанар жакында озунорду да штанынарды чечип кетет!
+4
Baatirbek81
2018-01-22 19:07:04
Дагы бир кыйындардын баласы болсо керек
+6
aerforce
2018-01-22 19:07:40
эконом кылбаптырда
+4
Nevestkaa
2018-01-22 19:10:30
Колунда бийлик бар да ошол үчүн билген б...н жеп атат,жөнөкөй адам болсо мындай кылбаса кк.
+7
Tunerbei1812
2018-01-22 19:26:29
Арам дунуйого копкон, кутурган экен. Таза мээнет менен жашаса корот элек кутурганын.
+7
Akylbek1984
2018-01-22 21:42:26
Озу эконом-к кылмыш менен куоршот экен, бир аз болсо да адептуу же ыймандуу болбойбу. Озунчо эле гердейбей. Жинди бироонун колуна тушуп калбаптыр да, коро турганын корсотуп коймок ХХХ десе...
+1
temi
2018-01-23 11:07:43
подстава экени билинип турат, ГСБП азыркы учурда МВДменен тирелишип турат Карасууда ГАИни кармады еле пара менен ГСБП азыр Бишкекте озу отурат Кармалып.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан