2010-жылдан бери ТНТ телеканалында "Comedy Club" долбоорунун үстүндө иштеп келген Сергей Светлаков менен Александр Незлобин аталган каналдан кетип, СТС телеканалы менен иштешет. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, бир канча долбоорлордун авторлору болгон жылдыздар СТС телеканалында иштөөнү ушул жылдын 1-июлунда башташат. Бул маалыматты аталган каналдын башкы директору Вячеслав Муругов тастыктаган. Ошондой эле Незлобин өзү да кыскача билдирүү таратканга жетишкен.
"ТНТ телеканалы менен эч кандай пикир келишпестик болгон жок. Светлаковдун келишими качан эле соңуна чыкса, меники 2017-жылдын соңунда аяктаган. СТС каналында 1-июлдан тарта алып баруучу жана жаңы долбоорлордун автору катары иш баштайбыз", - деген ал.
Ал эми Светлаков бул тууралуу билдирүү таратканга шашылган эмес. Орус басылмаларынын божомолунда эгер актёр СТС телеканалы менен иштеше турган болсо, учурда Орусиянын Биринчи каналында алып барып жаткан "Прожекторперисхилтон" берүүсүнөн четтетилиши мүмкүн.