Жети-Өгүз районунда кар көчкү алдында калган адам изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-январь күнү саат 17:00 чамасында Көк-Жайык жайлоосунун Телти тилкесинде 3 адам (1979-жылы туулган А.Р.Б, 1991-жылы туулган А.Д.Б. жана 1980-жылы туулган К.Д.) отун чогултуп жүргөн учурда кар көчкү түшүп, 1979-жылы туулган А.Р.Б. аттуу жаранды кар көчкү басып калган.
"2 адам аман калган. Кар көчкүнүн көлөмү такталууда. Издөө-куткаруу иштерине 10 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.