"Реал Мадриддин" чабуулчусу Криштиану Роналду оюн учурунда бетине тепки жеди. Бети кан болуп жерге жатып калган кезде аны дарыгерлер оюн талаасынан алып кетишкен. Футболчу бул учурда дароо дарыгердин кол телефонун сурап алып, жүзүндөгү жарылып кеткен жерлерин караган.
Окуя Испания чемпиондугу өтүп жатканда "Реалчылар" менен "Депортиво" футболдук клубунун беттешинде болгон. Роналду дарбазага топту киргизерде "Депортивонун" коргоочусу Фабиан Шер топту тосуу аракетин көргөн. Бирок анын буту Роналдунун сол көзүнө жакын жерге тийип, жарып кеткен. Анткени менен Роналдунун аракети натыйжалуу болуп гол кирген.
Бети канап жаткан Роналду оюн талаасынан чыгарылып, кайра кайтып келген эмес. Ага карабастан анын командасы атаандашын 7:1 эсебинде жеңип алган. Андагы 2 голду Криштиану Роналду киргизген.
Окуяга күбө болгондор анын дароо телефонду алып, жаракатына көз жүгүрткөнүн кеп кылышып, анын колодон даярдалган бьюстун түрдүүчө өзгөртүп, элестетип көрүшүүдө.