Англиялык эки дөө-шаа футболдук клубдары бири-биринин футболчулары менен алмашып алышты. Аталган эки клубдун расмий билдирүүсү боюнча, "Манчестер Юнайтед" чилилик Алексис Санчести курамына кошсо, армениялык Генрих Мхитарян лондондук "Арсеналды" көздөй бет алды. Эки клуб бири-бирине каражат төлөбөй, футболчулары менен гана алмашышты.
"Дүйнө жүзүндөгү эң ири клубдун курамына кошулуп жатканыма сүйүнүп турам. "Олд Траффорд" стадионунда жана Жозе Моуриньонун карамагында ойноо мүмкүнчүлүгүнөн баш тарта алган жокмун", - деп билдирди Алексис Санчес. Ал 2014-жылы "Барселонадан" "Арсеналга" өтүп, 166 оюнда 80 гол киргизген.
Армениянын башкы жылдызы саналган Генрих Мхитарян 2016-жылы "Манчестер Юнайтедге" кошулуп, 63 оюнда 13 жолу айырмалана алган. Моуриньо менен мамилеси анчейин келише албай калган футболчу эми "Арсеналдын" башкы чабуул баштоочу милдетин аткарат.