"Black Star" долбоорунун президенти, орусиялык рэпер Мот кечээ, 22-январда ата статусуна ээ болду. Бул тууралуу ырчы өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка сүйүнчүлөдү.
Белгилүү болгондой, рэпердин жубайы Мария Мельникова Москвадагы клиникалардын биринде көз жарган.
"Эми биз толук кандуу үй-бүлөбүз. Уулум үчүн рахмат, менин эң мыкты жана сүйүктүү жубайым" деген билдирүү менен үчөө чогуу түшкөн сүрөттү жарыялаган.
Айта кетсек, түгөйлөр 2016-жылы баш кошуп, 2017-жылдын апрель айында заманбап үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн. Ал эми ырчынын "Когда исчезнет слово" аталышындагы клиби аркылуу жубайы кош бойлуу экени маалым болгон.