Бишкектеги "Гараж-312" түнкү клубунун кызматкерлери эки айга камалышты

Бишкектеги "Гараж-312" түнкү клубунун кызматкерлери эки айга камалышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ түнү сот клубдун ээсин, эки барменди жана алпаруучуну эки айга СИЗОго камоо чечимин чыгарган.

Ал эми бүгүн дагы экөөнүн баш коргоо чарасы каралат.

Айта кетсек, 20-январдан 21-январга караган түнү ИИМдин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы Бишкектеги "Гараж-312" түнкү клубуна атайын операция жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында аталган клубдун ээси 1978-жылы туулган Б.Е., Миша-оргазм аттуу клубдун алпаруучусу, 1988-жылы туулган М.М., 1999-жылы туулган официантка Ю.В. аттуу кыз, 1995-жылы туулган Р.В. жана 1993-жылы туулган Х.Р. аттуу эки бармен кармалган. Андан сырткары алар менен бирге клубдун кардары, 1988-жылы туулган Е.А. кармалып, анын жанынан 4,7 грамм гашиш табылган.

ИИМдин маалыматына караганда, жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизатын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу), 252-беренеси (баңгизатын колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкектеги "Гараж-312" түнкү клубундагы атайын операция
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан