Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Өлмөскан Атабекова атындагы №30-орто мектептин тарых сабагынын мугалими Муратбек Мурзаакимов "Элдик кабар" рубрикасына билдирүү жолдоду.
Анын айтымында, мектепте 23 жылдан бери эмгектенет, бирок бул убакыт аралыгында мектептеги билим берүү системиндеги эч кандай прогрессивдүү өзгөрүүлөрдү байкай элек. Буга байланыштуу ал өз ыктыяры менен райондогу мектептерди кыдырып, мугалимдердин мүдөөсүн угуп чыккан. Алардын баарынын пикири бир жерден чыгып, мугалимдерден чогулган ой-пикирлерди, талаптарды тизмектеп жазган.
"Биз, Базар-Коргон районунун мугалимдери 2010-жылы да иш таштайбыз деп чыкканбыз. Мугалим качанкыга чейин кыйналып жашаш керек? Мугалимдердин ой-мүдөөсүн угуп чыктым, көп жылдан бери айтылып, бирок чечилбей келе жаткан эле көйгөйлөр айтылды. Ошентсе да биз аларды тизмектеп чыгып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу катын жөнөтүү аракетин көрүп жатабыз", - деди ал.
Мугалимдердин кайрылуусу!
"Мугалимдердин эмгек акысы акыркы 10 жылдан бери көбөйтүлгөн жок. Эмгек акынын аздыгынан мектептерге жаш кадрлардын келүүсү жокко эсе. Кээ бир эл шайлаган депутаттар жумшак креслодо отуруп алып мугалимдерди "чабанга жана саанчыга окшоп калган" дешет. Мугалим татыктуу эмгек акы алса жарашыктуу кийинмек. Алган айлыгыбыз айдан-айга жетпейт, карыз болуп калабыз. Азыркы мезгилде мектепте иштеп жаткан жаш мугалимдер эмгек акынын аздыгынан чет өлкөлөргө жашоосун оңдоо үчүн кетип жатышат. Себеби алардын көпчүлүгү батирде жашайт. Балдары жаш, алардын келечегин ойлошууда.
Акыркы мезгилдерде мектептерде мугалимге тиешеси жок кагаз иштерин талап кылуулар жосунсуз көбөйүүдө. Мугалимдердин эмгек акысы аз, ага карабастан убактысынын көбү кагаз иштерине кетет. Айылдагы мектептерде иштеген мугалимдер араң дегенде 3-4 миң сом айлык алышат. Кээ бир атка минерлер ооздорун көптүрүп, мугалимдердин орточо эмгек акысы 13 миң сом дешет. Анда жогорку эмгек акысы канча болот?
Дагы бир орчундуу маселе - класстардагы окуучулардын санынын көптүгү. Кээ бир класстарда балдардын саны кырктан ашат. Мугалим ал класстагы балдардын үй тапшырмасын кантип сурайт? Кантип жетишет? Негизи бир класста 12 парта турат, ошондо бир класста 24 окуучу болуш керек. Көп мектептерде парта жана стулдар жетишсиз, эскилиги жеткен. Ошол класстагы балдар 6 саат бою тикесинен тик туруп окушат. Алардын укуктарын ким коргойт?
Биздин райондо директорлордун көпчүлүгү пенсионерлер, эмне үчүн алар пенсиясын алып, ардактуу эс алууга кетишпейт? Анткени пенсия жашоого жетпейт.
Акыркы жылдарда мектептерге ар тараптан негизсиз текшерүүлөр көп болууда. Мектеп - бул жаш муундарга билим, тарбия бере турган билим уясы. Завод, фабрика же өндүрүш эмес. Билим берүү тармагын өзүнүн түздөн-түз текшере турган мекеме-уюмдары бар, ошолордон гана текшерүү келиш керек.
Жогорудагы айтылган бардык ойлорго нааразы болуп, төмөндөгү талаптарды Кыргыз Республикасынын өкмөтү тез арада карап чыгып жыйынтык чыгаруусун талап кылабыз!
Талаптар:
1. Мугалимдердин эмгек акысы тез арада каралып чыгып, татыктуу эмгек акы төлөнсүн.
2. Мугалимдердин иштеген ставкасы жалпы билим берүү, окуу планынын сааттары кыскартылганына байланыштуу бир жумалык ставка 20 саат эмес, 16 саатка түшүрүлсүн.
3. Класс жетекчилердин эмгек акысы (класс жетекчилиги үчүн) 2 миң сомдон кем болбосун.
4. Дептерлерди жана башка текшерүү иштеринин акысы көбөйтүлсүн.
5. Мугалимдерге эс алуу үчүн курорт жана санаторияларга жеңилдетилген жолдомолор берилсин.
6. Мугалимдердин эмгек стажысы эске алынып, татыктуу пенсия төлөнсүн.
7. Ар кандай органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөр токтотулсун.
8. Класстагы балдардын саны 24 баладан ашпай тургандай шарттар түзүлсүн".
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.