"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдиновдун үйүнөн уурдалган куралдар дагы деле табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Депутат Зиядин Жамалдиновдун үйүнөн уурдалган куралдар дагы деле табыла элек. Бул боюнча 164-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголгон, учурда кылмышкерлерди издөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 4-январь күнү депутат Зиядин Жамалдиновдун Ноокат районунун Жал айылындагы үйүнө белгисиз адамдар терезе аркылуу киришип, сайлуу жана сайсыз эки аңчылык кылуучу мылтыктарды уурдап кетишкен.