Орусиянын Москва шаарында студент сүйгөнүн өлтүрүп кийин өзүн-өзү өлтүргөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 22-январдан 23-январга караган түнү Москва шаарынын борбордук бөлүгүндөгү батирлердин биринен эркек адамдын жана кыздын жансыз денелери табылган. Кийин такталгандай экөөнүн тең жашы 19да, студенттер экени аныкталган.
Орусиянын ЖМКлары алар кыз-жигит мамилесинде болуп, биргеликте батирде жашап жүрүшкөнүн жазат. Бирок кийин мамилелери бузулуп кеткен, анткени менен чогуу жашоону улантышкан. Жигиттин достору ал ар дайым сүйгөн кызы менен элдешүүнү каалап жүргөндүгүн айтышкан. Бирок кыз ага макул болгон эмес, ортодо кызганыч кылмышка түрткөндүгүн айтышкан кылмышкердин достору.
Жигит кызды өлтүргөндөн кийин окуя кандай болгонун социалдык тармактагы баракчасына жазган. Анда ал кызды муштуму менен бетке уруп, муунтуп, бычак сайып анан зордуктаганын сүрөттөгөн. Ошондой эле ал кыздын жана өзүнүн ата-энесинен кечирим сураган. Бирок кылган ишине өкүнбөгөнүн, тескерисинче күлкүсү келгенин жазган.