Ош облусунун Ноокат районунда кафе өрттөндү. Кырсык бүгүн, 23-январда болгонун ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Берилген маалыматтар боюнча, өрттөнгөн "Алым-Ата" кафеси Зулпуев айыл аймагында жайгашкан.
"Өрттү өчүрүүгө саат 17:55те Ноокат райондук өрт өчүрүү кызматынан 1 бөлүм, саат 18:05те дагы 2 бөлүм тартылган. Жалпы 3 бөлүм тартылган. Саат 19:30да чектөөгө алынды. Кафеден чыккан өрт саат 21:20да толук өчүрүлгөн", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Аталган кырсык тууралуу окурмандар да билдирүүлөрүн жөнөтүшкөн. Ага ылайык, кырсыктан жабыркагандар болгон эмес. Өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан чыккан деген божомолдор айтылып жатканын кабарлашты окуянын күбөлөрү.