Бүгүн, 23-январда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кубогунун тандоо турунун алкагында бишкектик "Дордой" футболдук клубу менен түркмөнстандык "Ахал" беттешти. Беттеш Бишкек шаарындагы "Дордой" спорт комплексинде өттү.
Эсеп оюндун алгачкы мүнөтүндө эле ачылып, анда "Дордойдун" коргоочуларынын катасынан пайдаланган Түркмөнстандын чемпиондору гол киргизип алдыга чыгышты. Бирок бир канча жолу жакшы чабуулдарды уюштурган "Дордойдун" оюнчулары 20-мүнөттө Кайрат Жыргалбек уулу киргизген гол менен эсепти теңей алышты. Оюндун биринчи 45 мүнөтү 1:1 эсеби менен жыйынтыкталды.
Оюндун экинчи бөлүгүндө "Ахалдын" оюнчулары чабуулдарын көбөйтүшүп, 75-мүнөттө жана 85-мүнөттө гол киргизип жеңишти толук өздөрүнө оодарып кетишти.
Эми оюн 30-январда Түркмөнстанда болот.
Эске салсак, 2017-жылы "Дордой" командасы АФК Кубогунун тандоо турунда алгач Түркмөнстандын “Балкан” командасын жеңип, кийинки тандоо турунда Тажикстандын “Хосилот” командасын жеңген. Бул жыйынтык менен АФК Кубогунун тайпалык баскычына чыгып, оштук "Алай", түркмөнстандык "Алтын Асыр" жана тажикстандык "Истиклол" командалары менен беттешкен. Тайпалык баскычтын соңунда Кыргыз командалар жеңилүү ызасын тартып, кийинки этапка өтө албай калган.