Болливуддун кино жылдыздары Амир Хан, Салман Хан жана Шахрух Хан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушуудан баш тартышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Нетаньяху өткөн жумада Индияга 6 күндүк иш сапары менен келген. Анын алкагында, Индиянын өкмөт башчысы Нарендро Моди менен жолугушуп, эки өлкөнүн алакасын жакшыртуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Андан соң анын урматына атайын кечки тамак уюштурулуп, ага Болливуддун атактуу жылдыздары чакырылган. Бирок чакырылгандардын ичинен белгилүү кино жылдыздары Амир Хан, Салман Хан жана Шахрух Хан Израилдин премьер-министри менен жолугушуудан баш тартышкан. Алардын мындай аракети палестиналыктарга көрсөткөн урмат-сыйы катары түшүндүрүлгөн. Учурда актёрлордун бул жоругу коомчулук арасында ар кандай кабыл алынып, түрдүү сын-пикирлер айтылууда.
Эскерте кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди расмий түрдө Израилдин борбору деп таанууга мезгил жеткенин белгилеп, АКШ элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө даярдыктарды баштоону тапшырганын билдирген. Ал эми БУУнун Башкы ассамблеясы Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп атоого каршы добуш берген. Добуштардын жыйынтыгында 128 мамлекет АКШны бул чечимден баш тартууга чакырса, 35 мамлекет добуш берген эмес, ал эми 8 өлкө АКШны колдогон.