Өзбек өкмөтү Казакстандагы 52 адамдын өмүрүн алган автобустагы өрттүн келип чыгуу себептерин атады

Өзбекстандын өкмөтү Казакстандагы 52 адамдын өмүрүн алган автобустагы өрттүн келип чыгуу себептерин айтты.

"Өрттүн келип чыгышына негизинен автобустун техникалык бузуктугу себеп болгон. Ошондой эле жылуулуктун жоктугу, тез күйүп кетүүчү заттардын болушу, өрткө каршы жабдыктардын жараксыздыгы, жүктүн ашыкча экендиги, салондун адам өтүүчү жери жүккө толуп калганы 52 адамдын өмүрүн алып кетти", - деп айтылат Өзбек өкмөтүнүн токтомунда.

Буга чейин автобустун жүргүнчүлөрү жылынуу үчүн кандагыч лампаны колдонушканы айтылган. Андан сырткары айдоочунун жүргүнчүлөрдү ташууга лицензиясы жок болгон.

Казакстандын Ички иштер министрлиги автобустагы өрттүн келип чыгуу себептерин иликтеп жатат.

Эскерте кетсек, 18-январь күнү Казакстандын Ак-Төбө облусунда Самара-Ташкент багыты боюнча каттамдагы Икарус үлгүсүндөгү автобус күйүп кетип, 52 адам көз жумган. Анын ичинде 55 жүргүнчү жана 2 айдоочу болгон. 5 жүргүнчү сыртка чыгып кетүүгө үлгүрүп, калганы чыга албай күйүп кетишкен. Каза болгондордун баары Өзбекстандын жарандары болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Nurmat92
2018-01-24 10:46:13
Терезени талкалап качып чыгышпайт беле
+16
OMURBEK.
2018-01-24 11:33:06
Nurmat92,
Мен да ошону эле ойлонуп тан калам да
+8
orozova
2018-01-24 11:38:06
Nurmat92,Автоуналардын терезеси онойчулук менен талкаланбаса керек
+7
Bazana
2018-01-24 11:57:12
Nurmat92,эми автобус куйуп кетишин алар кайдан билди болбосо айбалтасын даярдап отурмакда, анан ал ал автобустардын айнегин талкалашта оной эмес болсо кк калын орт тездик мн куч алган бири бирин жоолоп качам деп ортодо жук болсо кайра ахбалдарын кыйындатып алышканго.
+5
Shekeev969798
2018-01-24 12:18:38
Nurmat92, Жарылып кеткен.да
+3
suban78
2018-01-24 11:33:29
Жаткан жеринер жайлуу болсун. Тирилик деп баратышкан да.
+5
Pandora
2018-01-24 12:29:19
Шафер кантип чыга албай калган?
-1
more22
2018-01-24 15:07:57
Pandora,шафер чыгып кеткен даже уктап жаткан экинчи шаферда чыгып кеткен
+3
-Sumitra-
2018-01-24 12:59:40
Эхх байкуштар боорум ооруп кетти.
+1
aydarken
2018-01-24 15:44:38
Мен да августа автобуз мн келдик Москвага.жолдо автобузубуз бузулуп уч кун калып кеттик Казахстан чолудо,эски автобуз экен ремонтту да болгон эмес экен,азык тулукторубуз тугонуп кыйналдык,алысыраак жерде бир айылдан суу ташып келип трушту балдар бакалажкаларга.жаш балдарыбыз да барле менин бир жарым жаштагы кызым мн элем,ошол айылдан бир Маржана деген казак аял жаш балалууларды уйуно машиналары мн алып кетип орун берди бир тун жатып келдик,ошол эжеге рахмат.Уч кундун ичинде кундузу автобуздун ко
+2
aydarken
2018-01-24 15:54:02
Колокосундо баш калкалап кечинде ар Кимибиз из озунчо бар нерселеди жабынып кее биросу эки жакка басып кундузу уктап ,кун откордук айтаберейин десем коп,Бишкекке чалып тополон кылып биз кайтып барабыз акчабызды алып ремонту жок автобузга салыпсынар дедик анан Чымкенттен бир автобуз барат куткуло дешти ичинде 6 адамы мн келди ага суйунуп отусак бир кун жол жургондон кийин донгологу чыгып кетти баарыбыз ызычуу болуп коркуп токтоор замат эшикке чыктык,эптеп анан аны жамаганы жер издеп бир жерге
+1
aydarken
2018-01-24 15:59:11
Айдап келди жамагыча даагы куттук андан кийин жол журуп аран жети кун легенде Москвага келдик бир чекесине бизди тушуруп койду даже метрого жакын эмес жерге.Же акчабыз жок эптеп бирибизге бирибиз жардам берип Выхино метросуга жетсек болобу. Эсен аман келип алганыбызга суйунуп андан ары квартирабызга жеттик Жол азабы-Кор азабы деген соз бекеринен айтылбаптыр .
+2
aydarken
2018-01-24 16:06:55
Шоферлор экоо болчу казактар эле .жолдо тувалетке чыкчуулар биржерге токтотосузбу эшике чыгып алалы десе токтотпой айдашты бизге корс мамиле кылышып эч жакшы суйлошпойт эптеп эле бизди жеткириш да.кыйкырып урушуп жатып келгенбиз
+2
aika0906
2018-01-24 21:28:04
aydarken, ошон учун 5000_7000сом эконом кылбай самолет менен кетиш керек же поезд чыгыш керек. автобус 4500с деп эле чыгып алган менен минтип 7 кундо жетет. тем более бала менен кантип автобусга чыктынар
+2
aydarken
2018-01-25 13:01:46
aika0906,Самолетко билет ошол учурда 20 мин сомго чыктыле а мен 18 жаштагы кызымды да ала келгем эки билетти 40минге алгым келбей автобуздале кетебиз дегем
0
daniel87
2018-01-24 19:59:33
Урматттуу кыргыз элим баарыбызды кырсыктан олум житимден кудай ОЗУ сактасын,урматтуу кыргыздарым алыс жил жургондо самелот, поездь деген бар алтындар акчадан кысынып кээ бир туугандар автобустарга,машинелерге кыштын куну отурушат жол азабы кор азабы акча жиндиси болуп албай бир жолу озубуздун жаныбыз учунда жашайлы!сактанганды сактайм дейт туугандар
+2
Shamdagai2013
2018-01-25 01:51:01
Узак жолдо машина,автобус дегендерге тушпой эле койгулачы!Коп болсо самолеттон 1000-2000р эле айырма болуп калат жеткенге чейин!Биздин квартирадагы эже дагы акчасын аяп байкуш,машина менен кетти эле жайында,Казакстанда машинадан тушкондо,тайота сузуп кетиптир.Каза болуп калды.Жаткан жери жайлуу болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан