Ош шаарында 4 жаштагы бала 5-кабаттан кулап каза болду. Бала үйдө жалгыз болгон

Ош шаарында 4 жаштагы бала 5-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 23-январь күнү саат 15:50 чамасында Кулатов кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Анда 2013-жылы туулган Ибрагим бешинчи кабаттагы үйдүн ашканасындагы терезеден кокустан кулап кетип каза болгон.

"Баланын атасы жумушунда болгон, ал эми апасы балдар бакчасынан кичүү кызын алганы кеткен. Ал эми баласын үйдѳ жалгыз калтырып койгон. Коңшулары маркум баланын ачык турган ашкананын терезесинде турганын кѳрүшүп, бирок кырсык болуп кетерин ойлошкон эмес. Окуяны Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматы териштирип жатат", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.

Ош ШИИБдин маалыматы боюнча, баланын апасынын боюнда бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Nazic
2018-01-24 10:40:17
4 жашар баланы кантип жалгыз таштайт? Балаго.. озу менен кошо ала чыкса эле алса болмок, кыштын куну неге терезесин ачык таштап кетет...
+12
Timonbay
2018-01-24 10:42:40
Ээхх, баарынан ушунусу жаманда. Кичинесинен аран багып чонойтуп жатканда ушул кырсык болсо. Жайы жайлуу болсун!!!
+6
Peri93.93
2018-01-24 11:59:14
Эч ким мындай болушун ойлогон эместа?бир гана Аллахтын пешенеге жазганы болду?суукта баланы албай эле койоюн деп аягандыр эле энеси ушуйт деп?бешенеге ошол кунду жазган экен ата-энесине конул айтам сабырдуу болунуздар?ал бала эми Бейиштин Кушу болуп кете берди,тамак кылган сон ашкананын дерезесин ачып койсо керек майдын жыты чыксын дер?
+9
Asel1Aikol
2018-01-24 18:13:01
Peri93.93, туура айтасыз! ! Түшүнүп коюш керек бул да болсо Кудайымдын буюрганы ата энесине сабыр тилейм!
+2
Nsh
2018-01-24 12:15:36
Окунучтуу.
+4
-Sumitra-
2018-01-24 13:02:51
Эхх байкуш апасы.Омур бою озун куноолуу сезип отот экен да.Кырсык каш кабактын ортосунда.Баласы уктап жатканда,алып келе калайын деп чыккан экен да.
+3
NeRiNa
2018-01-24 13:30:49
Энени баладан ажыратпаса экен кудайым...жыгылса канча болосун. Ата энесине сабыр.
+5
Stervamyn
2018-01-24 16:03:31
Апасы садикке кетпей эле,чон баласын тосуп алганы уйдун астына чыккан экен.Ал мектептен келгиче.4жаштагы баласы уктап жаткан болот.Апасы да ойлогон эмес да,ойгонуп балконду карайт деп.Байкуш энесине кыйын болуптур.Журогу канап жатат да.Баласы уктабай жатканда,мумкун озу менен ээрчитип алмак(((ажал айтып келбецт тура
0
ilgizk
2018-01-24 16:03:34
Башы жок аял экен, 5 минута өзүн калтыра албайсың
-4
BekAmir
2018-01-24 18:00:51
Мен 4-кабатка терезеге тор койдурсам кошуналар ууру киреби деп кулушкон. Башкысы Кудай сактасын
0
Jojom2015
2018-01-25 11:10:59
BekAmir,
Туура кылгансынар. Мен да койдуралы деп айтып жатам 4- кабаттабыз кызым айнекке чыга берет.
0
sanzhar83
2018-01-24 21:16:47
Ой кудай ай,бири школого,бири садике,бири магазинге чыккан экен,бири уктап аткан десе,бири жуунткан дешет го,коментарийлерди оуксан.Толугун билбейле ар кимин ар нерсени жаза бересинерби.Кудай эч кимдин башына салбасын.
+3
Gulzada.8917
2018-01-24 22:09:51
Кандай болгон кезде да баланы жалгыз таштабаш керек да
0
admin_superstan
2018-01-25 13:21:49
nurbekasr, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан