"Сосновка" транспорттук көзөмөл өткөрүү жайынын кызматкерлери бензовоздордун оор салмак менен өтүп жатканын жашырганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын 12-августунан 12-сентябрына чейин DAF жана Вольво үлгүсүндөгү эки бензовоз менен белгиленген өлчөмдөн ашыкча жүк менен (солярка) Баткен облусуна төрт жолу барып келишкен. Бирок аны "Сосновка" транспорттук көзөмөл өткөрүү жайынын кызматкерлери жашырып коюшкан. Анын кесепетинен мамлекетке 400 миң сомго жакын зыян келтирилген.
Азыркы тапта Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.