Аида Салянованын соту 29-январга жылдырылды

Бүгүн, 24-январда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын ишин карамак. Бирок сот ишти кароону 29-январга жылдырды.

Буга чейинки отурумда Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова ишти карап жаткан соттук жамаатка депутат жүрөк дартынан улам ооруканада жаткандыктан отурумду жылдыруу өтүнүчүн келтирген. Соттук жамаат жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, ишти 24-январь күнү улантууну чечкен.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдинадвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asel1Aikol
2018-01-24 18:10:32
Биротоло бир жылга эле жылдыргыла жакшы даарыланып алсын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан