UFC уюмунун мушкери Хабиб Нурмагомедов тууралуу кызыктуу фактылар

Эрежесиз уруш чебери, UFC уюмунун эң беделдүү мушкерлеринин бири болгон орусиялык Хабиб Нурмагомедов Бишкек шаарына келди. Ал Кыргыз өлкөсүнө биринчи жолу келгенин жана бул жакта күйөрмандарынын көп экенин биле турганын билдирген.

UFC жылдызы тууралуу кызыктуу маалыматтарды анын күйөрмандарына сунуштайбыз.

Толук аты-жөнү – Нурмагомедов Хабиб Абдулманапович

Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 20-сентябрь

Туулган жери – Орусия, Дагестан Республикасы, Цумадин району

Улуту – Авар

Бою – 179 сантиметр

Салмагы – 70 килограмм

Хабибдин атасы Абдулманап кезинде эркин күрөш жана самбо боюнча Украинанын чемпиону болсо, атасынын агасы Нурмагомед самбо боюнча Дүйнө чемпиону аталган.

Хабиб 6 жашынан тарта күрөш, дзюдо жана самбо менен машыгып, көчөдө чоң муштум болгондуктан атасынын катуу тарбиясынын астында чоңойгон. Атасы уулун азыркыга чейин машыктырып келет.

Нурмагомедов 21 жашка чейин эле панкратион боюнча Европа чемпиону, самбо жана грепплинг боюнча Дүйнө чемпиону аталууга жетишкен. 2012-жылдын январь айында UFC уюмунда алгачкы беттешин өткөргөн.

29 жаштагы мушкер жеңил салмак категориясында Конор Макгрегор менен чемпиондук үчүн беттеш өткөрүүгө бардык аракетин жумшаган деп айтылат. Бирок ал расмий түрдө тастыкталган эмес. Бирок 2017-жылы беттешке бир нече саат калганда Хабиб Нурмагомедов ооруканага жатып калып, беттеш токтотулган.

Конор Макрегор чемпиондук курдан ажыраган соң Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергисон чемпиондукка талапкер болууда. Эки мушкердин беттеши 7-апрелде АКШнын Нью-Йорк шаарында өтөт.

Ошондой эле Хабиб мушташта тизесинен алган жаракатынан улам бир жыл дарыланса, 2015-жылы кабыргасын сындырып, 2016-жылга чейин беттешке чыккан эмес. Жалпысынан, 2013-жылдан бери 5 оор операцияны башынан өткөргөн.

Хабиб биринчи UFC беттешинде 16 миң доллар алса, акыркы беттешинде 57 миң доллар алган. Ал эрежесиз урушта жалпы 25 беттеш өткөрүп бардыгында жеңишке жетишкен жана UFC уюмунун алкагында 9 беттеш өткөргөн. Анын Инстаграмдагы баракчасына 3,4 миллиондон ашык колдонуучу жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
zhykyo
2018-01-24 12:46:29
Жолугушуу каякта болуп жатат жазып койсонуздар жакшы болмок.Супер
+1
nurbekasr
2018-01-24 12:54:42
Каяктагы Хабибди айтасыңар,Кыргыздын кыраандары келсе мынчалык тосуп алышбайт.Садыр Жапаровду таможнядан ушундай 15 чакты жип менен патыратып тосуп алганда азыр башкача болмок.
-8
Baatirbek81
2018-01-24 13:18:52
nurbekasr,каркыраны саткан Сакенин эмнесин тосуш керек!
-4
turaliev
2018-01-24 13:45:49
Baatirbek81, Сен биринчи Каркыранын казака отушуно кимдер кол койгонун билип алып анан суйлосон. Садыр Жапаров тескерисинче Каркыра отуп кетпесин деп канча ызылдап журду го.
+5
newman
2018-01-24 13:46:47
nurbekasr,
Бул спортмен. Садыке саясатчы. Экөө эки башка тема.
+10
bekbrat78
2018-01-24 20:04:07
nurbekasr,Тоо десе Бее дейсин да ар кимдин орду ар башка Хабибти Кыргыздын менмин деген Баатыр мушкерлери тосуп алды Баатырдын кадырын Баатырлар гана билет, ар кимдин авторитети ар башка,Хабиб женилбес боец ошондуктан куйормандары айабай коп дуйно жузундо.
+3
nurbekasr
2018-01-24 20:15:13
bekbrat78,хабибди ата кылып ал мага демектен ары.
0
bekbrat78
2018-01-25 04:59:29
nurbekasr,Сендей ичи тар адамдар азайса Кыргызстан тез еле бутка турмак Хабиб Конок болуп келди Кыргызстанга бир дуйного башы белгилуу адамды сыйлап тосуп албасак Кыргыз деген атты жер каратабыз го, сага окшогон тушунгу аз чала молдолордун айынан,
0
Gulnaz.GS
2018-01-28 14:50:16
nurbekasr,))))))
0
Baatirbek81
2018-01-24 13:20:07
Жолугушу Аю Грант конфортто
+6
Bakyi
2018-01-24 13:26:05
Эң негизгиси мусулман колдойбуз, ийгилик!
+14
manas93kg
2018-01-24 14:02:00
Bakyi,Мусулман адам акча учун бироого кол которбойт
0
bekbrat78
2018-01-24 20:12:56
manas93kg,Бул Спорттук ойун болуп есептелет Пайгамбарыбыз дагы ар кандай спортук ойундарга катышып куч сынашканды суйгон деп айтылат,Хабиб меенет кылып мооройдогу акчаны утуп жатат АЛЛАХ деп Саждага баш уруп Ислам динин катуу карманат Аллахым озу кечирсин кылган куноолорун
+3
Bakyi
2018-01-24 14:58:44
Бироонү зордоп уруп акчасын алган жок тек гана көңүл мн чыккандарга чыгып жатат..
Бирок динде туура нерсе эмес ...
+7
nurik4554
2018-01-24 17:46:38
Мусульманбы Хабиб?
+3
O.dembele
2018-01-24 21:12:23
nurik4554,[moderated]дан видеосун корсон уткандан кийин созсуз саждага жыгылат анан АЛЛАХ жалгыз деп бир манжасын асманга которот
0
murat17
2018-01-24 20:58:57
да мусульман хабибди мыкты спортсмен катары сыйлайм бирок кавказдыктарды жек коромун
+2
konur-olon
2018-01-24 21:20:01
Красавчик Хабиб Нурмагомедов
0
Attila88
2018-01-25 08:19:32
бир ХХХХ репер хабибти мактап ырдаптыр инстаграммда.баардык кыргыздардын атынан суйлоп.мага лично хабиб жакпайт.орел эмес жылан.бойлорун коргом.эптеп сойлоп партер кылаберет.орел деген тик туруп урушат.конор уруш керек эле.хабиб ар дайым кучтуу боецтер мн уруша турган куну сразу больницага жатып алат.мисалы конор ,фергюсенден давно таяк жемек.
-1
Attila88
2018-01-25 08:21:20
жанакы инстадагы реперге айтаарым сен кавказдыкты брат деп мактап ырдабай ак аюну макта андан коро
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан