Мушкер Хабиб Нурмагомедов: "Кыргыз эли менен Дагестан элинин окшоштугу - бул мырзаларынын балбандыгында"

Бүгүн, 24-январда белгилүү орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргыз жериндеги күйөрмандары менен жолугушту. Жолугушуу Бишкектеги соода борборлорунун биринде өтүп ага миңден ашуун адам келген. Суук аба ырайына карабай мушкер менен жолугушууга келген күйөрмандар имаратка батпай калышты.

Иш-чарага кыргыз спортунун өкүлдөрү, Кыргыз Олимпиадалык комитетинин төрагасы келди.

Мушкер атасы менен келген. Атасы да айтылуу спортчу, Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу.

"Биздин машыктыруу клубубуз Кыргыз мушкерлерин машыктырууга даяр", - деди ал жолугушуунун алгачкы мүнөттөрүндө эле.

Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Нурмагомедов Кыргыз мушкерлери күчтүү экенин белгилеп, аларда UFC чемпиондору болуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтып өттү.

"Биринчи жолу келип эле ушундай сандагы күйөрмандарды көргөнүмө кубанычтамын, ар бир күйөрманым үчүн жоопкерчиликти сезем. Ошондой эле ар биринин үмүтүн актаганга аракет кылам. 2013-жылдан бери 5 оор операцияны башымдан өткөрдүм, 2,5 жыл беттештерге чыккан жокмун. Ийгиликке жетүү үчүн көптөгөн кыйынчылыктарды басып өттүм. Кыргыз эли менен Дагестан элинин окшоштугу - бул мырзаларынын балбандыгында", - деди ал.

Жеңилүү ызасын тартпаган адам эч кандай ийгиликке жетишпей тургандыгын айтты мушкер.

"Америкага барганымда Хабиб деген атым татаал болгондуктан атам "Бүркүт" деген каймана ат коюп берген. Анткени бүркүт Дагестан элинде күчтүүлүктүн символу", - деди ал.

Хабиб Нурмагомедов Бишкекте күйөрмандары менен жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ariet.kaary90
2018-01-24 11:22:10
Хабиб чындыгында кучтуу мушкер, алга!!!!!
+8
NURTILEK_KG
2018-01-24 11:40:36
Азамат суйлогон созу жайында экен.
+1
Boika1986
2018-01-24 12:23:33
Да Хабаны фанаттары коп экен бизде,былтыр таджикистанга барганда мынчалык болгон эмеско дейм.
+4
Kuyoo_bala
2018-01-27 14:12:08
Boika1986,Хаба эмес Хабиб
0
Bakyi
2018-01-24 13:22:18
Эң негизгиси мусалман тууганыбыз!
Ийгилик ...
+4
Amai
2018-01-24 14:27:34
Дайым сенден кареранда женишти кутуп калам мусурман бир туганым жараткан алла колдосун.
+3
Tamamnura
2018-01-24 17:08:07
Amai,мусурман эмес мусулман
кичине жазганда бир коз жугуртуп коёт
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан