Америкалык актриса Пэрис Хилтондун үй жаныбарларына абдан жакын экени маалым. Учурда анын үйүндө 35 үй жаныбары бар, алардын басымдуу бөлүгүн ит-күчүктөр түзөт. Ал эми кечээ, 23-январда актриса социалдык тармактагы баракчасына иттеринин бири жоголуп кеткенин жазып, ал жөнүндө кандай гана маалымат билгендер болсо сый акысына 10 миң доллар бере турганын жарыялады.
Маалым болгондой, жаныбар актрисанын үйүнүн жанынан уурдалган. Итти уурдап бара жаткан кыз короодогу жашыруун камерага түшүп калган. Хилтон анын сүрөтүн да өзүнүн баракчасына жарыялоону чечкен.
Айта кетсек, Пэрис Хилтон иттерди абдан жакшы көрө турганын ар бир маегинде айтып келет. Ал дүйнө кыдырып саякаттаса да, дайыма жанына үй жаныбарларын ээрчитип жүрөт. Жаныбарлар актрисанын үйүнүн кичирейтилген вариантында салынган атайын "кичи хан сарайда" жашашат. Анын айтымында, жаныбарларды багуу үчүн жылына 100 миңдеген доллар сарптайт.