Белгилүү АКШлык мушкер Флойд Мейвезердин атасы камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Флойд Мейвезердин атасы Флойд Мейвезер (чоң) бир айым менен унаанын ичинде отуруп экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып кеткен. Мындан улам мушкердин атасы аялды унаадан мажбурлап түшүрүп жаткан учурда аял бутун кокустатып алып "Тез жардам" менен бейтапканага жеткирилген.
Бул окуядан соң бутун кокустатып алган аял полиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып Мейвезер камакка алынган. Мушкердин атасынын айтымында, аял андан акча талап кылыш үчүн гана атайлап бутун кокустатып ооруканага жатып алган.
Айта кетсек, Мейвезер (чоң) да профессионалдуу мушкер болгон. Мушкер карьерасында 35 беттеш өткөрүп анын ичинен 28 беттешин жеңген. Ал эми атасынын жолун жолдогон Флойд Мейвезер өзүнүн бокс карьерасын 2017-жылдын август айында ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду жеңгенден кийин жыйынтыктаган. Жалпысынан Флойд 50 беттеш өткөрүп бир да жолу жеңилүү ызасын тарткан эмес.