Жети-Өгүз районунда кар көчкү алдында калган адамдын жансыз денеси табылганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, кар көчкү алдында калган 1979-жылы туулган Р.Ашымбаевди издөөгө 100дөн ашуун киши катышып, бүгүн, 24-январь күнү саат 12:50дө анын жансыз денеси табылды.
"Азыркы убакта маркумдун денесин тоодон түшүрүү иш-чаралары аткарылууда. Куткаруучулар менен издөө иштерине катышкан жергиликтүү тургундар Жети-Өгүз айылына түшүп келишүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.
Айта кетсек, 21-январь күнү саат 17:00 чамасында Көк-Жайык жайлоосунун Телти тилкесинде 3 адам отун чогултуп жүргөн учурда кар көчкү түшүп бирөөсүн басып калган.