Кыргыз бийчилери Казакстанда өткөн эл аралык бий турниринде 11 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Бий спорту федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Казакстанда өткөн "BLACK & WHITE-2018" эл аралык турнирине Кыргыз, Өзбек жана Казак өлкөлөрүнүн бийчилери катышкан. Кыргыз өлкөсүнөн барган бий жуптары 6 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль жеңип алышкан.
Бардык жеңүүчүлөр машыктыруучу Алексей Кибало жана Татьяна Когадейдин шакирттери болгон.