Сузак районунун Орток айылында жер көчкү жүрүү коркунучу пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Алма айыл аймагынын Орток айылында жер көчкү жүрүү коркунучу бүгүн саат 16:45 чамасында пайда болгон.
"Маалыматты тактоо максатында, Сузак райондук жарандык коргонуу комиссиясы, Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башкы адиси жер көчкү жүрүү кооптуулугу пайда болгон аймакка жөнөп кетишти. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат министрликтин маалыматында.