Өлкөнүн түштүгүндө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Өлкөнүн түштүгүндө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө 24-январдан 25-январга караган түнү саат 02:15 чамасында Алай тоо кыркаларында катталган. Анын очогу Жайылма айылынан 10 чакырым түндүктө, Кашка-Суу айылынан 11 чакырым түндүк-батышта, Кара-Кабак айылынан 14 чакырым түндүк-батышта, Кичик-Алай айылынан 33 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Калк жашаган аймактарда жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга чейин жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zamka79
2018-01-25 11:28:56
Кудай сактасын боодо кырсыктан элимди.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан