Опузалап акча талап кылууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине К.Д. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар андан 70 миң сом талап кылып жатышканын айткан.
"Ал боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Т.М., 1984-жылы туулган А.Ж., 1982-жылы туулган С.Ш. кармалды. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турушкан. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.