Казакстанда ичинде Кыргыз жарандары бар автобус тоңуп калды. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка караганда, автобус Акмола облусунда Жалал-Абад-Пермь-Москва багытында бара жаткан. Анын ичинде 22 Кыргыз жараны болгон.
"Автобус жолдон чыгып кетип, бузулуп калган. Анын ичиндеги 22 адам эвакуацияланып, Астраханка айылынын №2-мектебиндеги жылынуучу жайга жеткирилген. Жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Казакстанда абанын температурасы 22-январдан баштап төмөндөп баштаган. Айрым жерлерде 45 градуска чейин суук болууда.