Казакстанда дагы бир автобус тоңуп калды. Ичинде Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын жарандары болушкан

Казакстанда жолдо сууктан улам бузулуп калган автобустун ичинде калгандар куткарылды. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 24-январь күнү эртең менен Кызыл-Ордо-Павлодар унаа жолунун 47-чакырымында болгон. Анда Van Hool үлгүсүндөгү автобустун майы тоңуп калган.

"Автобустун ичинде жалпы 81 адам болгон. Алар Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын жарандары болушкан. Куткаруучулар жардамга барышып, жүргүнчүлөр №1-автобустук парктын имаратына жайгаштырылган. Жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Казакстанда ичинде Кыргыз жарандары бар автобус тоңуп калганы айтылган. Автобус Акмола облусунда Жалал-Абад-Пермь-Москва багытында бара жаткан. Анын ичинде 22 Кыргыз жараны болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Pandora
2018-01-25 12:59:04
Айланайындар аман болгулачы...Сууктамалыскы жолго чыкпай эле койгулачы
+11
Bek_L
2018-01-25 13:01:49
Кудай сактасын мусулман бир туугандарымды!
+8
Nurik1988
2018-01-25 13:03:21
Кор тиричилик айынан тентимиш болуп кеттико. Библиею кунолуу баарына
-6
Sema87
2018-01-25 13:58:33
5-10 сомдун козун карабай самолёто эле учушса болот
+8
modem4999
2018-01-25 14:06:42
Айрымасы 5мин сом самолет менен эле журсонуздор,туугандар!
+7
bazar
2018-01-25 14:45:18
Самолет Москвага эле тынымсыз учуп турбаса башка шаарларга андай эмес да. Кейбир жүргүнчүлөр жолдо түшүп калышы Москвага жетпей. Ошону эсепке алып автобус менен бараткан чыгар. Үйдө отуруп алып эле "самолет менен учпайбы" деп жаза бербей.
+2
daniel87
2018-01-25 22:41:40
bazar,туура бирок анчалык кысынбаш керек кенге кён дуйно тарга тар дуйно,жогоркулар деле тура айтып жатышат
0
Bazana
2018-01-25 15:16:04
Поезд деген болчуу эле илгерек азырда каттайбы?
+2
daniel87
2018-01-25 22:42:52
Bazana,каттайт абдан жакшы мен самолетко билет еымбаттаганда поездь Менен журом проводниктер Менен жакшы суйлошсон жетчуу жерине жетесин
0
bakulya2015
2018-01-26 02:08:03
Эхх жашоо мынча татаал а? Мекендештерибиз аман эсен келип алсындар Аллах колдосун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан