Австралияда камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу үчүн өз балдарын өлтүргөн эне кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Мари Крабтри өзүнүн эки баласын өлтүргөн жана бир баласын сабаган деп айыпталып, камакка алынган.
Буга чейин полиция кызматкерлери Крабтринин 18 жаштагы кызы жана 26 жаштагы уулу өзүн өзү өлтүрдү деген ойдо болушкан. Бирок узакка созулган иликтөө иштеринен кийин Мари өз балдарын камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу максатында өлтүргөндүгү белгилүү болгон. Кызынын өлүмү үчүн ал 600 миң доллар алса, ал эми уулунун өлүмү үчүн андан да көп акча алууну көздөп жаткан.
Мари Крабтринин уулу 2017-жылдын жай айында ооруну басаңдатуучу дарыларды көп өлчөмдө ичип алып каза болсо, ушундай эле себептер менен 2011-жылы 18 жаштагы кызы каза болгон.
Маалым болгондой, аялдын каза болгон эки баласы тең психикалык жактан жабыркашкан.
Бул эки өлүмдөн сырткары Крабтриге экинчи кызына ар кандай психикалык жана физикалык кысымдарды көргөзгөн деген да күнөө коюлган.