Кара-Суу районунда 8-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 23-январь күнү Баш-Булак айылында болгон.
"2003-жылы туулган К.С. таежесинин колунда болгон. Анын ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшкөн. Эч ким менен деле урушпаптыр, окуусу деле жакшы экен. Учурда анын эмне себептен мындай ишке барганы такталууда", - деп билдиришти Ош ОИИБинен.