Бишкекте жеңил машина 20 жаштагы студент кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 11:30 чамасында Турусбеков жана Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда айдоочу Ауди 100 үлгүсүндөгү унаасы менен 20 жаштагы студент кызды сүзүп алган. Жабыркаган кыз "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилген.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Буга чейин Турусбеков жана Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилишинде дипломатиялык номердеги жол тандабас эки адамды сүзгөнү айтылган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул маалыматтын такталбаганын айтышты.