Бишкекте таанышын өлтүрүп, өрттөп жиберген жаран 20 жылга кесилди

Бишкекте таанышын өлтүрүп, өрттөп жиберген жаран 20 жылга кесилди. Тиешелүү өкүмдү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 24-январда чыгарды.

Сот өкүмүнө ылайык, соттолуучу 1960-жылы туулган Э.А. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылган. Ага ылайык, 20 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү белгиленген.

Айта кетсек, окуя 2017-жылдын 17-август күнү Бишкектин 12-кичи району тараптагы ээн жерде болгон. Айыпталуучу Т.С. менен спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кеткен. Андан соң жерде жаткан жыгачтын бөлүгү менен Т.Сны бир нече жолу чапкан. Натыйжада жабырлануучу ошол жерден жан берген. Анан ал жансыз денени жылынуу үчүн күйгүзүп отурушкан отко салып, сөөктөрү эле калганча өрттөп, топурак, шифер менен жаап, кетип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nsh
2018-01-25 15:34:46
Олум жазасына тартуу керек болчу. Бирок андай жаза жок окунучтуу.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан