Казакстанда 17 Кыргыз жаранын салып алып, Москвага бараткан айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-январь күнү саат 11:30 чамасында Самара-Шымкент жолунун 718-чакырымында Бишкектен Москвага бараткан Мерседес Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус токтотулган. Анын ичинде 17 Кыргыз жараны болгон.
"Айдоочуга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууда эрежени бузганы үчүн жана унаасы коопсуздукту камсыздоо эрежелерине толук жооп бербегени үчүн айып салынды. Элчилик Ак-Төбө облусунун бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, жарандарды ысык тамак менен камсыз кылуу маселеси чечилди", - деп айтылат министрликтин маалыматында.