"Ош" курама КВН командасы Астанада өткөн оюнда ийгиликке жетти

"Ош" курама КВН командасы Астанадан олжолуу кайтты. Бул тууралуу команданын мүчөсү Калыбек Турдубаев SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-январда Астанада "КТА" (Көңүлдү тапкычтар ааламы) оюнунун Жогорку Лигасынын 3-сезону старт алган. Анда “Универсал”, “Ошингтон”, “No name” командаларынын оюнчулары - Кадыр Жарматов, Садык Нишанбай уулу, Актилек Акыл уулу, Алмаз Муктар уулу “Ош” курама командасы катары катышып, байгелүү кайтышты.

Жалпысынан оюнга 25 команда катышып, 14 команда кийинки оюнга жолдомо алышкан.

"Командалардын ичинен эң мыкты оюн көргөзгөндүгүбүз үчүн эң алдыңкылардан болуп жолдомо алдык. Оюн учурунда кыйынчылыктар болбой койгон жок, анткени көрүүчүлөр кыргыз тилин жакшы түшүнө албай жатышты", - деп билдирди Турдубаев.

Ошондой эле команда мүчөсү оюнга Ерке Есмахан, “Спарта” командасынын капитаны Данияр Жумадилов сыяктуу белгилүү адамдар калыстык кылганын кошумчалады.

Мындан сырткары, команда акчалай сыйлык үчүн гана эмес, кыргыз элинин атын чет жерде чыгаруу үчүн оюнга катышып жаткандыгын айтып өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurka_85
2018-01-25 17:29:58
Азаматтар биздин тилди ( ош жак) казактар эмес анча мынча кыргыздар деле тушунбой калышы мумкун. Ийгилик силерге!!!
+6
sirgak_92
2018-01-25 20:56:30
nurka_85,силердин тил озубектин тили болуп атса кайдан тушунобуз
-13
Bale
2018-01-26 00:58:39
sirgak_92,ошону айтсан..
-1
Odik11
2018-01-26 01:45:03
sirgak_92,Дангыт окшойсун
-2
OMURBEK.
2018-01-25 17:32:36
Азаматсынар айрыкча Калыбек
+1
ekaterinburg
2018-01-25 17:42:41
Алга кыргыздар!
+3
Uragan07
2018-01-25 18:17:17
Азаматтар. Чыныгы кыргыз тилин үйрөткөнчө келгиле.
+2
mirkaa5182
2018-01-25 18:39:29
Азаматтар, тама шоунун эң мыкты балдары
+2
Elitta
2018-01-26 02:39:02
Баткендик красавчик кана?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан