Жумакадыровдун өлүмүнө айыпталып жаткан айдоочу мамлекетке келтирилген чыгымды төлөй албай турганын айтты

Бүгүн, 25-январда Чүй облусунун Москва райондук сотунда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон жол кырсыгы боюнча сот өттү.

25 жаштагы айдоочу Афтандил Таалайбек уулу бул кырсыкка күнөөлүү деп айыпталууда. Ал мамлекетке келтирилген 2 миллион 127 миң сом чыгымды төлөй албай турганын айтты. “Менде мынча акча жок”, - деди ал. Айдоочу күнөөнү моюнуна алды. Кийинки соттук отурум 30-январга белгиленди.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 7-октябрь күнү Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
altyn7776
2018-01-25 17:26:44
тойота прадонун шоферу катуу ылдамдыкта келе жаткан да, болбосо мынчалык катуу урунмак эмес. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча официалдуу чечим угузулган жок
+14
aman0296
2018-01-25 17:30:14
Мамлекетке не зыян алып келди? Уже до того жеткиришти ушул бийликтегилер!!
+7
Jigit.1982
2018-01-25 17:32:45
aman0296,Прадо машинанын баасыда. Машина окмоттуку болгонда.
+5
gute
2018-01-25 17:45:37
Штраф салгандарын кара миллиондоп салышат штрафты
Берген зарплаталары 5 000-10 000.
+15
langar
2018-01-25 17:51:01
Ептеп тирчилик кылып жургондо Прадо чыгакалдыда алдынан шайтандай болуп кыжалат болбо туган жакшы болот баары
+13
marat_1910
2018-01-25 18:09:10
азыр бийликтегилердин жана акчалуу гана адамдардын жашоосу болуп калды. калыстык деген такыр жок болду
+8
meku89
2018-01-25 18:25:13
Куйгузду го ушулар. Айдоочусу ото катуу айдачы экен машинаны, эми байкуш баланы куноолоп жатышканын
+6
Vishenka
2018-01-25 18:35:14
Кичине ойлонуп жазгылачы.Силердин тууганынарды ушинтип тебелеп кетсе корот элем акталсын дегенинерди.4 баласы жетим калып отурат.2 миллион эмес,жолдо кырсыкка себепкер болгондорду омур бою мамлекетке бекер иштеп бере турган кылыш керек.Адамдын омуру менен ойношкон акмактарды!
-11
Too-tash
2018-01-25 22:12:36
Vishenka, кырсыктын куноолуусу Камазист экенине 100% ишенесинби?!! Мен ишенбедим... Кырсыктын куноолуусу Жумакадыровдун айдоочусу болушу мумкун...
+5
Adiletia
2018-01-26 11:07:45
Vishenka, депутат өзү да водиласы да ичип алган болуш керек
0
Adiletia
2018-01-26 11:08:16
Vishenka, камазистте 100% күнөө жок
+1
ali1995
2018-01-25 18:49:19
Бечарага Ханна болуптурда
-6
lenin1870
2018-01-25 19:17:00
камаз жук менен болсо токтош кыйын.Прадо каршы тилкеге чыкса керек.Бизде крда правиланы бузгандар коп.
+5
Azatbek83
2018-01-25 20:00:50
Ажал деп койот!Кырсык эми эмне болсода Адилеттуулук болуп чечилсе болмок.Ал кунолуу бул кунолуу деш кыйын эксперттер эшек такалабай чындыкты айтсында.Бала куноосу жок болсо эмнеге мойнуна алды?!Акча учунбу ?! Аны биргана Жараткан билет озу билет эксперттер билет!
+3
Nevestkaa
2018-01-25 21:17:02
Бала эмнеге мойнуна алды себеби жөнөкөй биздин мелисалар мойнуна илди,каза болгон адамдын жакындарына да кыйын албетте ,Темир аганын жайы жаннаттан болсун билип билбей кылган күнөөлөрүн кечирсин Аллахым,өлгөн адамдын артынан өлалбайсын 25жашар баланын тагдырына балта чаппай актап койсо болот эле ,министрдин шоферу катуу айдаса керек да.2 миллион акчаны төлөп бере албайт да конечно жөнөкөй адамдарда андай акча жок,соттор баарын акчалуу деп ойлобогула.
+4
raikakyz
2018-01-26 09:29:12
Nevestkaa,Бала мойнуна албаса да алдырышат бул соттор.Куноосуз адамды колдой кор Кудайым.
+1
Too-tash
2018-01-25 22:35:35
Кырсыкка Камазист бала куноолуу бекен же коркутуп куноону ага илип коюштубу?!! Ошол кырсыктын куболору бар болсо ун катышсынчы...
+3
Ayida
2018-01-26 01:24:41
4 баласы болсо болуптур. Бул 25 жаштагы кырчын курактагы баланы ким айайт?Бекер эле коркутунун айынан мойнуна алып отурат.Аялы атайын кылдырды да Жумакадыровтун озу толоп калатда эгер куйоосу куноолу болсо
+1
Ayida
2018-01-26 01:26:00
Жумакадыровго боорум ооруйтда.Олгон озунун эле шоруда.Аялы мынтип озун балдарын ойлоп отурат. Ооба ойлосун балдарын бирок куноосуз эле адамды соттоткону туура эмес
0
Taalaibek.
2018-01-26 12:29:03
Камаз айдаган айдоочуда куноо жок! Жон эле лапшаны илбей бошоткула аны. Тескеризинче камаз айдаган балага 2 миллион 127 миң сомду толоп бергиле жала жапканынар учун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан