Ош шаарында улак тартыш учурунда 12 жаштагы баланы ат тебелеп кетип, ал ооруканага жетпей каза болду

Ош шаарында улак тартыш учурунда 12 жаштагы баланы ат тебелеп кетип, ал ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 23-январь күнү Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында болгон. Анда "Көк бөрү" улуттук оюну жүрүп жаткан учурда көрөрман катары барган 12 жаштагы Акжол Акылбек уулун 1973-жылы туулган Ж.Ч. аты менен тебелеп кеткен.

"Кырсыктын кесепетинен өспүрүм ооруканага жетпей жан берген. Окуя болгон жерде маркумдун атасы жана бир тууган агасы дагы болгон. Өспүрүм сабакка түштөн кийин баргандыктан түшкө чейин оюн көргөнү достору менен барган. Ал өзүнүн кунанын минип кеткендигин, бирок кырсык болгон учурда жөө абалда, көрөрман катары болгондугу аныкталды", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.

Ошондой эле Ош ШИИБинен маркумдун туугандары өспүрүмдүн денесин соттук медициналык экспертизага берүүдөн жана ат менен тебелетип кеткен айылдашынын үстүнѳн арыз берүүдѳн баш тартышканын кошумчалашты.

Учурда аталган факт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш каттоо китебине "кокустук" катары катталып, тиешелүү материалдар чогултулууда.


Ошто улак тартыш учурунда 12 жаштагы баланы ат тебелеп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
yasin11
2018-01-25 18:09:06
Окунучтуу аллахым бейишинен орун берсин ата энесине сабр берекор
+17
kyrgyz_girl
2018-01-25 18:09:30
Жараткан сабыр бер оз пенделерине! Уулдан айрылуу кандай оор азап!
+14
Baiaman997
2018-01-25 18:15:30
жаткан жери жайлуу болсун,оюндан орт чыгат деген ушулда,
+10
tursunbaev78
2018-01-26 00:27:16
Baiaman997,оюндан от чыгат
0
Jaziko80
2018-01-25 18:18:37
Кудай сактасын тооба кылдым. Аллах бейишин берсин. Баланы эне атадан эрте ажыратпасын.
+11
isabek1977
2018-01-25 18:22:02
Бул кооптуу улуттук оюн болгондуктан жаш балдардын коопсуздугун карашыбыз керек.
+8
Pandora
2018-01-25 18:52:11
Жаш бала эмес чон адам коркосунго ат чабышкан жерге баруудан
+6
Benazir08
2018-01-25 18:59:09
Кырсык да ал атайлап тебелеген жокк
+8
expert.007
2018-01-25 19:09:11
Ушу улак оюнуна тыюу салыш керек. Канчалаган адамдардын өмүрү кыйылып атат. Аттарга боорум ооруйт
+5
fortuna-fortuna
2018-01-25 19:42:16
expert.007,именно ушул оюн учун канча адамдын омуру кыйралыптыр? ?? Жакшы эле ойноп журушпойбу. Тим эле олуп кырылып аткансып жазыптырда. Бул жерде кырсык болуптур. Кырсык деген каш кабактын ортосунда дейт. Алдын ала эч Ким билбейт эмне болуп кетээрин. Ата энесине сабыр
+7
expert.007
2018-01-25 21:08:58
fortuna-fortuna,Эмне сөзсүз түрдө эле көп адам өлүш керекби. Биз үчүн ар бир өмүр маанилүү го.
0
Omurbek998
2018-01-25 19:22:44
Улакчылар деле доопарас болот да ат мингенде еле айбан болуп кетпестен еки жагын карап чаппайбы атты улак дегенде озун жоготпой
+6
33SUUN
2018-01-25 20:47:26
Ата энесине,жакындарына сабыр тилеймин.
+3
Nurbollot
2018-01-25 21:09:00
Ата-энесине сабыр берсин. Кыргызчылык менен бүтүрүптүр айылдаштар экен кокустукта айла жок
+1
langar
2018-01-25 22:28:49
Ата енеси тушунукдуу адамдар екен баласынын омуру кыйылсада сабырдуу болуп кокустук дептир
+4
Ayida
2018-01-26 01:19:00
Мага вообще жакпайт ушул улак оюну. Жок дегенде бир адам созсуз жабыркайт.Не кереги бар?
0
nazira...
2018-01-26 08:46:08
Кап шайтан айдаган да, барбай эле койбоптур да балан тушкур. Бейиши болсун, ата-энесине сабыр. мындан кийин эми улакчылар оздору бара турган болушту да, улакчыларга сабак болуптур жакшы. Каарыгадарды, кичинелерди барбасын деп турушаттыр эми. Болбосо тээ алыста, бийик жерде карап туруш керек ошончо кызыкса.
+1
ulua
2018-01-26 16:55:56
Улак азарт оюнга кирет, ошону учун арам! Оюнду жоюш керек, аттарга эле боорум ачыйт, тапочкалар учса уча берсин мен тарапка менда оз оюмду айттым, баланын энесине сабр, периштеге бейиш тилейм!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан