Чүйдө жарандын үйүнөн 300 миң сомдук зер буюмдарды уурдап кетишкен деп шектелип 4 жаран кармалды. Алардын бири Чүйдөгү 48-жатак абагында жазасын өтөп жүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-январда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын тургуну үйүнө белгисиз адамдар терезеден кирип 300 миң сомдук зер буюмдарын уурдап кеткенин айтып, арыз жазган. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп натыйжада шектүү катары 4 жаран кармалган. Алардын бири 24 жаштагы Ж.Н. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну болсо, бири Нарын облусунун А.А. аттуу тургуну болгон. Алар менен кошо дагы 2 Чүй облусунун тургундары, 29 жаштагы К.Т. жана 35 жаштагы А.Б. аттуу адамдар кармалышкан. Кийин белгилүү болгондой алардын баары мурда ар кандай кылмыштарды кылып соттолушкан, бири учурда Чүйдөгү 48-жатак абагында жазасын өтөп жүргөн.
Ошондой эле басма сөз кызматынан шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, аларга карата 164-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.