ЖЫЛНААМА, 25-ЯНВАРЬ: Пластикалык операция жасатканына карабастан, мимикасы менен чоң мактоого алынган корей актрисасы Хван Жон Ым 33 жашка чыкты

Сүйүү комедияларында роль ойногон эң мыкты корей актрисаларынын бири Хван Жон Ым бүгүн 33 жашын белгилеп жатат. Корей сериалдарынын күйөрманы болсоңуз, анда туулган күн ээсин “Жашыруун сүйүү”, “Мени өлтүр, мени дарыла”, “Ал сулуу болчу” деген дорамалар аркылуу эстей аласыз.

1985-жылдын 25-январында туулган Хван Жон Ым актриса катары таанылганга чейин ырчы болчу. 2002-жылы “Sugar” тобунун курамында дебют жасап, 2005-жылы өз алдынча болгусу келип, топтон кеткен. Дал ошол мезгилден тартып, кино аянтчасындагы карьерасын баштаган.


Бирок актрисага атактуулук “алма быш, оозума түш” болуп эле келе калган эмес. Анын багын “Гигант” ачкан. 2010-жылы тартылган аталган сериал актрисага элдин оозуна алынууга жардам берген. Андан ары да ойногон ролдору режиссёрлордун мыкты баасын таап турган.

"Гигант" сериалынан кадр.


Баш айланткан атактуулук актрисага “Жашыруун сүйүү” сериалына тартылган соң келген. Анда ал белгилүү актёр Чжи Сон менен башкы каармандардын биринин ролун ойногон. Дорама эфирде көрсөтүлүп жаткан учурунда анын рейтинги ошол эле мезгилдеги атаандашы “Мураскерлерден” ашып өткөн. Ал эми “Мураскерлерге” белгилүү Ли Мин Хо тартылганы белгилүү.

"Жашыруун сүйүү" сериалынан кадр.


Хван Чжон Ым мурдуна пластикалык операция жасаткан, бирок жыйынтыгы жакпай калып, кайра өз формасына алып келген. Ошондой эле сурмасына да операция жасатканын билдирген. Жалпы жонунан хирургдардын жардамынан колдонгону анын мурунку жылдардагы келбетинен көрүнүп турса да, актрисанын күйөрмандары ролундагы мимикасына, аны таасирдүү бере алгандыгына чоң баа беришет.

"Ал сулуу болчу" сериалынан кадр.


Жеке жашоосуна келсек, 9 жыл бою “SG Wannabe” тобунун лидери Ким Йоң Жун менен кыз-жигит мамилесинде болгон. Кийин экөө бири-бири менен мамилесин үзгөнүн жарыялап, ага удаа эле актриса Түштүк Кореядагы белгилүү профессионал гольф оюнчусу Ли Йоң Дон менен жолугушуп жатканын жарыялаган. Жарым жылга жетпей эле экөө 700дөй конок катышкан үлпөт той беришкен. Учурда жаш үй-бүлө уул тарбиялап жаткан кези.

25-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aitun
2018-01-26 12:18:36
Она была касоткой, убей меня ицели меня деген сериялдардагы кызго. Она была касоткойдо башында олло кулкулууго. Джексон деп алып....
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан