Ырчы Айгүл Чалова жана жолдошу Жакшылык кызы Айбийкенин тушоо тоюн өткөрүштү. Той кечээ, 25-январда Бишкектеги ресторандардын биринде өтүп, ага 150дөн ашуун адам катышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда SUPER.KG'ге ырчынын жакын санаалашы билдирди.
Тушоо тойго кыргыз эстрада жылдыздарынан Динара Акулова, Жамиля Муратова, Роза Шакирова, Назира Жетигенова, Нурзат Токтосунова, Мирлан Жетигенов, Назми жана башка таанымал инсандар келишкен.
Айбийкенин тушоосун кесүү үчүн кыргыздын каада-салттары да аткарылган. Анда 10-15 метр аралыктан чуркап келип наристенин бутуна байланган ак-кара жипти биринчилерден болуп кескендерге акчалай жана атайы даярдалган белектер берилген.