Казакстанда ичиндеги жүргүнчүлөрү менен кошо өрттөнүп кеткен автобустун айдоочулары камалышты

Өткөн жумада Казакстандын Ак-Төбө облусунда өрттөнүп кеткен автобустун айдоочулары убактылуу кармоочу жайга камалышты. Алардын үчөөсү тең Казакстандын жарандары. Бул тууралуу 25-январда Ак-Төбө облустук прокуратурасынан билдиришти.

Айдоочулар транспорт каражатын пайдалануу эрежелерин бузуп, өрт коопсуздук эрежелерин сактаган эмес деп айыпталышууда. Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө автобустун өрттөнүп кетишине анын ичин жылытуу үчүн кандагыч лампа колдонулганы себеп болгону аныкталган.

Айта кетсек, Казакстандын Чымкент шаарынан Орусиянын Самара шаарына бараткан автобус 18-январда Ак-Төбө облусунун Иргиз районунда өрттөнүп кеткен. Анда Орусияга иштегени бараткан Өзбекстандын 52 жараны каза болуп, бешөөсү, анын ичинде үч айдоочу аман калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
madina.87
2018-01-26 09:58:57
Атайылаган деле болушу мумкун.
-8
-Sumitra-
2018-01-26 10:05:25
Тообо,айдоочулар качып чыкканга улгурушкон экен да.Негизи кырсык каш кабактын ортосунда.Бирок шешелер кооп кетишти эле.Эл басы баш болуп.Тиешелуу жазасын алсын.54адамдын арбагы деле тынч койбогондур.
+9
Nevestkaa
2018-01-26 10:55:15
-Sumitra-,шешелер эмес акелер каза болуп жатпайбы,болгону шешелердин жолунан өтүп баратып кырсык болуп кеткен.Ар бирибизди Аллахым көздөгөн жерибизге жетишке жар болсун.Жайлары жаннаттан болсун.
+2
raykray
2018-01-26 12:22:27
Тируу калганча олуп кутулсалар жакшы болмок,жазасы чон болот?! 52адам коз алдында куйуп кетти арбагы бар, ой туш тынч болбой кыйналышат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан