Нурмат Садыров ырчылыктан актёрлукка өттү

Ырчы Нурмат Садыровдун сүйүктүү "торгойлоруна" жакшы кабар. Буга чейин күйөрмандары Нурматты ырчы катары билишсе, эми анын актёрлук чеберчилигине да күбө болушат. Тактап айтканда, ырчы мырза учурда тартуу иштери жүрүп жаткан Кыргыз тасмасындагы башкы каармандын ролун жаратып жатканын билдирди.

"Негизи сунушту мен күзүндө эле алгам. Улам бошобой жатып эми убактысы келди. 3 мүнөттүк клипти тартууда эле аябай убара тартчубуз. Кинодо түйшүк 2-3 эсе оор экен. Кыштын кыраан чилдесине, азыркы суукка карабай тасмага тартылып жатабыз. Элге уят болбоюн деп болгон аракетимди, өнөрүмдү жумшап жатам", - дейт Садыров.

Айта кетсек, Нурмат Садыров калың элге "Мен сүйгөн менен пайда жок" аттуу ыры менен таанылган. Анын аткаруусундагы "Торгоюм", "Кыргыз кыздары", "Жан апа", "Мугалим эже" жана башка ырлары элге сиңип, өзүнүн күйөрмандарын тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Kasym_1
2018-01-26 10:56:40
Тамашоучуларга кино тартууга тыйуу салыш керек.Тасманын баркын кетирип бутушту.Оздору деле уялышпайбы.
+15
Shekeev969798
2018-01-26 11:05:24
Kasym_1,Башкалар тартып атабы ? Тамашоунун балдары тарткан кино кызык чем беркилерге караганда
-10
maks94.kb
2018-01-26 11:09:19
Shekeev969798, жаңылышасын баурум бодоно сойсода касапчы сойсун деген сөз бар эмеспи
+11
Morskayazvezda
2018-01-26 11:16:11
Ырыс Жоомартова беле ошол айымга караганда Тамашоучулардын кинолору жакшыраак.
+1
Adiletia
2018-01-26 12:59:02
Morskayazvezda, койчу эй Ырыс эженин кинолору жакшы. Жашоодон алынган. Тамашоунун балдары тажатты
+2
Tyty1990
2018-01-26 11:29:27
Чымчык сойсо да,касапчы сойсун.
+8
NeRiNa
2018-01-26 11:32:34
Чын эле кыргыз киносунун баркы калбады...
+6
rejepova
2018-01-26 11:57:40
Аракет кылып жатышат, жон эле ийгилик каалап койолу достор, биздин акчабыз же бир жерибиз кемип кетпейт!
-5
BakytAliev
2018-01-26 12:02:55
Таммашоучулар жакшы эле кино тартып атат менимче. Биртууганчик апамды издеп дг кинолорду озунор кутуп жатып кордунорго го качан чыгат экен деп даже дагы деле кутуп атасынар. Не ал кинолорду тамашоучулар тартпай атабы
-3
arawan
2018-01-26 12:21:02
ырыс жоомартованын тарткан кинолоруна караганда булардыкы уч эсе ойдо шарапат суйчу мени жб кинолорго караганда ак оргонун балдарынын кинолору сонун
-3
Batma08
2018-01-26 12:50:40
Шарапаттан аллергиям бар
+5
rejepova
2018-01-26 13:55:06
Тазззале минус басып жатып калыпсынарго, биз ушундай калк экенбиз бироонун ишин сындаганга кыйынбыз
0
AlibaevO
2018-01-26 14:04:37
rejepova,эң туура эч бири бизди көрө албайбызда ырчылар деле ырдагысы келбей калды ырчылар деле чыкпай калды андан көрө келгиле колдоп койолу достор Жакшы чыгат
+1
aman0296
2018-01-26 14:55:54
Тамашоучулар кудул эле болуп кетсе болмок. Алардын кинолорун кору уй булобуз учун аллергия да. Тажатты, ушул менен кино тартууга тыю салыш керек, ырчы, тамашоучуларга
0
Jumahmatov
2018-01-26 15:42:03
Жанагы Емил деген ХХХХ айткылачы кино тартбай эле койсунчу ошол
+1
luuntik
2018-01-26 16:38:48
Куба эми Нурматка продюсер болот экенби
0
Bale
2018-01-27 17:23:48
тамашоунун балдарынын кинолору жакшыле. бир коргонго болот... бир эле жолу коросун. анан коргун келбейт)))
+1
zheenbaev95
2018-01-27 21:20:20
Эмне отурасыңар Экиге бөлүнүп алып чабышпайсыңарбы,көргөндөр бир жерге көрбөгөндөр экинчи жерге туруп алып,тамашоунун балдары молодцы кино тартса болот "биртууганчик план б бир мешок акча гоншик таксист сюрприз скетч шоу эл эмне дейт" дегендерди өлүп тирилип жанталашып эле көрүп атасыңарго жанакы жоомартованын киносун ким көрөт
-1
Rasul94
2018-01-28 19:50:25
Акча кобойсо эле кыргыз ушундайбыз.нурмат капа болбо тынч эле журчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан