Ош облусунун Ноокат районунда бир үй-бүлө көмүр исине ууланып, 5 адам ооруканага түшкөн. Дарыгерлер үй-бүлө башчысынын өмүрүн сактап кала алган эмес. Ал эми сегиз айлык наристе, жети жана үч жаштагы балдар, үй ээсинин аялы ооруканада жатат. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG`ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.
"Окуя 25-январга караган түнү болгон. Жабыркагандар катуу уулангандыктан эненин баш мээси шишип кеткен. Бүгүнкү күнгө карата төртөөнүн тең абалы жакшырып, жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулушту. Дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деди Айгерчинова.