Бишкек ШИИББи: "Январь айынын башынан бери 15 адам суукка тоңуп каза болду"

Бишкекте январь айынын башынан бери үй-жайсыз 15 адам суукка тоңуп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Күн сайын үй-жайсыз жана кайыр сурап жүргөн адамдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары, жер төлөлөрү, жылуулук түтүктөрү өткөн жайлар текшерүүгө алынып жатат. Эгер андай адамдар табылса, аларды "Коломто" жана башка үй-жайсыз адамдар жашаган кайрымдуулук үйүнө алып барып жайгаштырып жатабыз. Январь айында 50гө жакын үй-жайсыз адамдарды аталган үйлөргө жайгаштырдык. Андан сырткары биздин мобилдик батальондун кызматкерлери тарабынан көчөдө мас абалында уктап калып же башка себептер менен көчөдө калган 85 жаран "Коломтого" жеткирилип жайгаштырылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Бишкекте январда 15 адам суукка тоңуп каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nibiru.
2018-01-26 14:07:18
Бир учурда ошол он беши тен жакшынакай эле адам болушкан да. Кудай озу сактасын андайдан. Тагдыры тайгаланып,жашоосу бузулуп,кочодо калып,тонуп олушту. Жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан